2026-жылдын 26-мартында Бишкек шаарындагы Эл аралык Кувейт университетинде «Ааламдашуу доорунда илим, билим берүү жана маданияттын биримдиги аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун аспектилери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чара университеттин ректору жана администрациясы тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, илимий коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирген маанилүү платформа катары өттү.
Конференцияга Мексика, Польша, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынан – ИИМ академиясы, Башкы прокуратуранын алдындагы Юридикалык академия, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргызстан эл аралык университети, Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, И.Раззаков атындагы КТУ, Манас-Түрк университети жана Кыргыз тилдер жана маданият институту активдүү катышып, эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталган аянтча түзүлдү.
Иш-чара катышуучуларды каттоо менен башталып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, расмий ачылыш аземи өткөрүлдү. Ачылыш бөлүгүндө университет жетекчилиги жана коноктор тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, конференциянын мааниси жана максаттары белгиленди. Андан соң пленардык отурумда актуалдуу илимий маселелер боюнча баяндамалар жасалып, заманбап тенденциялар талкууланды. Түшкө чейинки бөлүктөн кийин катышуучулар үчүн кофе-брейк уюштурулуп, бейформал шартта пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
Конференциянын негизги бөлүгү болгон секциялык иштерде 8 багыт боюнча илимий баяндамалар сунушталып, ар түрдүү тармактардагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору каралды. Секцияларда жандуу талкуулар жүрүп, катышуучулар өз изилдөөлөрүн тааныштырып, тажрыйба алмашышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында жалпы корутунду чыгарылып, сунуштар талкууланып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле илимий баяндамалар конференциянын материалдар жыйнагында жарык көрдү.
Жалпысынан, конференция илим, билим берүү жана маданият тармактарындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого, жаңы илимий байланыштарды түзүүгө жана жаш изилдөөчүлөрдү колдоого өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болду.




