Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Эл аралык Кувейт университети тарабынан уюштурулган Кувейт мамлекетинин Улуттук күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарага Эл аралык Кувейт университетинин профессордук окутуучулар жамааты, студенттер жана бүтүрүүчүлөр катышты.
Арслан Койчиев өз куттуктоо сөзүндө Кувейт мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана гуманитардык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи. Ал өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жана Эл аралык Кувейт университетинин ролун жогору баалады.
Сөзүнүн жүрүшүндө Арслан Койчиев университеттин тарыхый миссиясына токтолуп, анын буга чейинки аталышы кыргызстандык улуу тилчи-окумуштуу жана түрколог Махмуд Кашгари-Барсканинин ысымы менен байланышканын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу ал улуу мурас – “Диван-лугат-ат-Түрк” (“Түрк тилдер жыйнагы”) эмгегин кыргызча которуп арабча-кыргызча форматта басып чыгаруу демилгесин сунуштады.
Аталган сунушту университеттин жетекчилиги туура деп кабыл аларын билдирди. Бул демилге түрк тилдеринин тарыхый мурасын терең изилдөөгө жана кыргыз-араб маданий алакаларын чыңдоого багытталары айтылды.
