СОЦИАЛДЫК-ГУМАНИТАРДЫК, ТАБИГЫЙ ДИСЦИПЛИНАЛАР ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ КАФЕДРАСЫ
0
ПРОФЕССОРА
0
ДОЦЕНТА
0
ПРЕПОДАВАТЕЛЕЙ
0
ЛАБОРАНТ
Миссия кафедры
Миссия кафедра журналистики и связи с общественностью – формирование журналиста (со знанием арабского языка) с навыками работы в средствах массовой информации (газеты, журналы, телевидение, радиовещание, информационные, рекламные и PR- агентства, Интернет-СМИ, прессслужбы) и смежных информационно-коммуникативных областях (издательства), а также конкурентноспособного и востребованного как на отечественном, так и зарубежном рынках труда.

Состав кафедры

Максутова Айзада Асанбековна
Заведующей кафедрой социально-гуманитарных дисциплин и журналистика
кандидат филологических наук, доцент
Год рождения:
Место рождения:
Телефон номер:
Деятельность кафедры
ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ
СОЦИАЛДЫК-ГУМАНИТАРДЫК, ТАБИГЫЙ ДИСЦИПЛИНАЛАР ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ
Эл аралык Кувейт университетинин социалдык-гуманитардык, табигый дисциплинар жана дене тарбия кафедрасы 2024-2025-окуу жылында кайрадан түзүлдү.
Бул багыт буга чейин өз алдынча кафедра болуп, социалдык-гуманитардык жана табигый дисциплинар, тилдер кафедрасы, коомдук жана табигый дисциплиналар кафедрасы деп аталып келген. Университеттин тарыхында биринчи кафедра болуп 2000-жылы түзүлгөн.
Кафедрада профилдик дисциплиналар: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана сүйлөө маданияты, чет тили (англис тили), Кыргызстандын тарыхы, Кыргызстандын географиясы, экология, азыркы табият таануу концепциясы, философия, манас таануу, саясат таануу, математика, математикалык методдор, информатика.
Кафедра өзүнүн түзүлгөн жылдарында көптөгөн окутуучулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуунун жакшы мектебине айланды, алар кийин илимдин докторлору жана кандидаттары, белгилүү окумуштуулар болуп чыгышты. Кафедранын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө профессорлор А.С.Ормушев, Б.Ш. Усубалиев, А.С. Кочкунов, С.И. Бегалиев, О.А. Молдалиев, К.У. Утуров, Т.Т. Токоев, С.О.Өмүралиев, М.С. Кийизбаев доценттер Ж.Ч. Джудемишев, М. Рыскелдиев, Ж.Т.Туралиев, Р.Садыкова араб филологиясынын магистрлери: иорданиялык Зияд Хавваш, ирактык Галиб Али Латиф, Хуссам Арубай, Египет Мохаммед Ашур, сириялык Омар Ширро жана башка көптөгөн адамдар.
Учурда кафедрада социалдык-гуманитардык илимдер багытында 6 профессор, 1 илимдин доктору, 8 илимдин кандидаты, 6 доцент, 4 ага окутуучу, 2 окутуучу эмгектенет. Кафедранын 11 окутуучусу Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.
Кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Максутова Айзада Асанбековна жетектейт. Кафедрада чоң педагогикалык тажрыйбасы бар адистер: филология илимдеринин доктору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Бейшенбай Шенкеевич Усубалиев, филология илимдеринин кандидаты, профессор Зыйнат Сатындыевна Кармышакова, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Курманали кызы Мира, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Ширин Карыбековна Аалиева, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Кубанычбек Макешович Чекиров, профессор Күмөн Жолдошбаевич Абласов, социология илимдеринин кандидаты, доцент Мамырканов Максат Алиевич, география илимдеринин кандидаты, доцент Дамира Токтосуновна Солпуева, география илимдеринин кандидаты, доцент Нурбек Казымалиевич Теңирбердиев, доценттер Жамалбекова Гулнур Асанбековна, Акмолдоев Тыныч Бородоевич, ошондой эле тажрыйбалуу ага окутуучулар Динара Койчумановна Абдуламитова, Исабек Осмонкулович Масалбеков, Асылгүл Кененбаевна Жаңыбаева, Руслан Темирбекович Суйумбаев, окутуучу Өтөгөнов Асанбай Ишенбекович, Догдурбек Усекович Сейдакматов.
Кафедранын окутуучулары кафедранын «Глобализация доорундагы студенттерди окутуудагы информациялык технологиянын ролу» илимий темасынын үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Кафедра мүчөлөрүнүн илимий-изилдөө иштери улуттук тарыхты, географияны окутуу, ар кандай түзүлүштөгү тилдерди салыштыруу жана типологиялык изилдөө жана интерференция көйгөйлөрү менен байланышкан.
Мындан тышкары, ЖОЖдун студенттеринин кыргыз, орус жана англис тилдерин өздөштүрүү деңгээлин жогорулатуунун жолдору боюнча иштер жүрүп жатат. Кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты илимий-методикалык колдонмолорду басып чыгарышкан. Алсак, профессор Б.Ш.Усубалев менен бирге доцент А. А. Максутова тарабынан “Тергөө сөздөрүнүн лингвостилистикасы” деп аталган филолог студенттер үчүн жазылган окуу китеби. Бишкек ˗ 2025; профессор З.С.Кармышакова «Кыргыз окуучулары үчүн орус тили боюнча лексикалык жана грамматикалык көнүгүүлөрдүн жыйнагы», Окуу-методикалык колдонмо; профессор К.М. Матикеев менен бирге профессор Курманали кызы Мира “Кыргызстан географиясынын тарыхы” Бишкек ˗ 2019-жылы окуу китеби; профессор Ш.К.Аалиева “Этноэтикет кыргызов по эпосу “Манас”” Студенттер үчүн окуу китеби Бишкек ˗ 2023; профессор К.Ж.Абласов “Введение в математический анализ” Бишкек ˗ 2023; доцент Д.Т.Солпуева “Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык география 9-класстар үчүн” Бишкек ˗ 2023; «Кыргызстан тарыхы» боюнча мамлекеттик экзамендерге даярдануу боюнча окуу куралы (автору Курманали кызы Мира) жарык көрдү.
Кафедранын мүчөлөрү илимий-изилдөө иштери менен активдүү алектенип, ар кандай ата мекендик жана чет элдик журналдарда илимий макалаларды жарыялап, эл аралык, республикалык жана университеттер аралык илимий-практикалык конференцияларга, эл аралык симпозиумдарга катышып, баяндамалар менен чыгып келишет. 2019-жылдын 5-ноябрында кафедранын окутуучулары тарабынан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган “Кылым карытар, татыктуу өмүр” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Эл аралык мамилелер жана укук таануу кафедрасы менен биргеликте 2019-жылдын 12-декабрында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган “Улуттук мамлекеттүүлүктүн башатында” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.Кафедранын профессор-окутуучулары студенттерди тарбиялоо боюнча жигердүү иштерди алып барышат. Кафедранын профессор-окутуучуларынын түздөн-түз жетекчилиги астында университетибиздин студенттери эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды алып келишет. Тактап айтканда, 2017-жылы ЖОЖдун студенттери “Дүйнө тилдеринин жана маданияттарынын биринчи эл аралык фестивалында: орус тили эне тил катары” номинациясында жеңүүчү болуп, ошондой эле кыргыз жана англис тилдери боюнча 3-орунга ээ болушкан. 2019-жылдын апрель айында кыргыз тили боюнча ЖОЖдор аралык олимпиадага катышкан студент Масалбеков Нуркалый 1-орунга ээ болсо, ошол эле жылдын сентябрь айында республикалык студенттик илимий-практикалык конференцияда анын баяндамасы мыкты деп табылган. Жыл сайын 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүндө кафедранын курамы кыргыз тилин өнүктүрүүгө арналган иш-чараларды өткөрүшөт. Алсак, 2024-жылдын 19-24-сентябрында университетте мамлекеттик тил жумалыгы өткөрүлүп, анын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдын кабыл алгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Мамлекеттүүлүк жана тил: кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. 2024-жылдын 31-октябрында Климаттын өзгөрүүсү: Жашыл экономиканын мааниси аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү.2024-жылдын ноябрь айында Теннис боюнча студенттер арасында турнир болу өттү.
2024-жылдын 12-декабрында “Ч.Айтматов XX кылымдын кайталангыс жана өчпөс жылдызы” аттуу 1-курстун студенттери арасында конкурс уюштурулду.
2024-жылдын 6-декабрында жазуучу Б.Максутов университеттин 1-курстары менен жолугушуп, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору боюнча баяндама жасап, конок лекция өттү.
2024-жылдын 10-декабрында 1-курстун студенттери арасында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору боюнча интеллектуалдык оюн уюштурулду.
Мындан сырткары, студенттер менен кафедранын профессор-окутуучулары И.Раззаковдун жана А.Токомбаевдин үй музейине, Ш.Термечиков атындагы куудулдар жана сатира театрына “Тайтору” спектаклине, №5 К.Тыныстанов атындагы китепканага Р.Рыскуловдун 90 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн эскерүү кечесине катышып келишти.
Документы по аккредитации