+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Акыл таймаш интеллектуалдык оюну

Эл аралык Кувейт университетинин Араб филологиясы кафедрасы тарабынан "Бүткүл дүйнөлүк араб тили күнү" жана "Кувейт мамлекетинин улуттук күнүнө" карата 17-февралда АКЫЛ ТАЙМАШ интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Бул ири билим сынагына 4 катышуучудан турган жалпы 24 команда катышып, оюн кызыктуу жана атаандаштыкка жык толгон маанайда өттү.

Катышуучулар:

  • Кыргызстан Ислам университетинин студенттери
  • Бишкек Мамлекеттик университетинин студенттери
  • Эл аралык Кувейт университетинин студенттери

Интеллектуалдык таймаштын калыстыгын төмөнкү тажрыйбалуу адистер жүргүздү:

  • Махмуд Рамадан – Кыргызстан Ислам университетинин Шарият кафедрасынын доктору, калыстар тобунун башчысы.
  • Салих Лутфилла уулу – Кыргызстан Ислам университетинин Шарият кафедрасынын башчысы, калыстар тобунун мүчөсү.
  • Куштарбек Турдубаев – Бишкек Мамлекеттик университетинин окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.
  • Ибрагим Мырзамамытов – Эл аралык Кувейт университетинин ага окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.
  • Олжобай Ташполотов – Эл аралык Кувейт университетинин ага окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.

Оюндун жогорку деңгээлде өтүшүнө жана адилеттүү баалоого салым кошкон калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз.

       

Акыл таймаштын категориялары:

  1. Жалпы араб тили
  2. Араб өлкөлөрүнүн географиясы
  3. Кыргызстан тарыхы
  4. Рамазан
  5. Ислам тарыхы
  6. Ар түрдүү суроолор.

Ар бир категория боюнча 8 суроо берилди. Топтолгон упайлардын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:

1-орун – Араб филологиясы кафедрасынын 3-курсунун студенттери (43 упай)

2-орун – Ушул эле кафедранын эки командасы (39 упай)

Калган командалар да жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, мыкты билимдерин далилдей алышты.

Бул интеллектуалдык таймаш университетибиздин салттуу иш-чарасына айланып, жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучулар ар тараптуу, кызыктуу суроолорго жооп берип, пайдалуу тажрыйба топтошту.

Уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз! Илим-билим жолунда мындан аркы иштерине жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз!

 

Другие интересующие посты от iku.kg