+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Эл аралык Кувейт университетинин жаңы окуу имаратынын курулушуна КАПСУЛА салуу аземи

2022-жылдын 13-октябрында Эл аралык Кувейт университетинин жаңы окуу имаратынын  курулушуна КАПСУЛА салуу аземи өткөрүлдү.

Аземге “Смарт Дженерейшн” коомдук фондунун Президенти, Мухаммед Абед Уль-Жажи, Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Найманбаев Азамат Багдатович, Свердлов районунун акими Саргазаков Максат Таштанбекович  жана окуу жайдын ректору, п.и.д., профессор А.Э.Байсеркеев, т.и.д., профессор, илим изилдөө борборунун жетекчиси Ормушев Асан Сулайманович, ф.и.д. (PhD)  профессор, араб тили кафедрасынын башчысы Аль-Зухейри Махмуд Исмаил Ибрахим, ф.и.д., профессор Елабдо Али Мухамед Халаф, ф.и.д., Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын профессору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич, Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын профессору, КР Эл артисти, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмери Джаманбаева Тамара Кусейиновна ж.б. катышышты.

Салтанаттуу аземде бул окуу имаратынын курулушу Эл аралык Кувейт университетинин, демилгеси менен жана “RAHMA”, “Fawz Trust” кайрымдуулук фонддорунун донордук колдоосу менен ишке ашырылып жаткандыгы, окуу имараты 400 орунга ылайыкташтырылгандыгы белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүн ММКларда чагылдыруу үчүн КТРК Ала-Тоо – 24, ЭлТР, СТВ Чүй обл. Телеберүү, Кыргыз радио уктуруусу журналисттери тарабынан интервью, репортаждар алынды.

 

Баткенге жардам

Эл аралык Кувейт университети Баткен областындагы жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн жардам катарында жалпы коллектив 1 күндүк айлык маянасын которуу менен 122 000 сом жардам көрсөтүп, андан сырткары «СМАРТ Дженерейшин» фонду менен биргеликте 450 үй-бүлөгө, 1 600 000 сомго тамак аш продуктыларын жана жылуу төшөктөрдү алып берди. Университеттин студенттери дагы четте калбай жалпы 20 000 сомдон ашык акча каражатын чогултушуп кийим кечек, дары-дармек жана акчалай кылып жардам көрсөтүштү.

Мугалим мөмөлүү дарак

Эл аралык Кувейт университетинде 5-октябрда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган концерттик иш чара болуп өттү. Анда университеттин ректору педагогика илимдеринин доктору, профессор Байсеркеев Аскар Эсенович өсүп келе жаткан муундардын калыптанышында мугалимдердин орду зор экенин белгилеп, кээ бир окутуучуларга университеттин Ардак грамотасын тапшырды.

ЭКУ таланттарды тандайт

4 - октябрь күнү окуу жайыбыздын Студенттик мажлиси тарабынан уюштурулган "ЭКУ таланттарды тандайт "аттуу кароо-сынактын финалдык бөлүгү болуп өттү. Жалпысынан сынакка окуу жайдын жетимиштен ашык таланттуу студенттери катышып, өз таланттарын тартуулашты. Конкурстун шартында белгиленген ыр, бий, көркөм окуу, stand up (элдердин жүзүнө күлкү тартуулоо) жана музыкалык аспапта ойноо боюнча 5 түрдүү номинация үчүн 15 студент тандалып алынып, сынактын жыйынтыгы боюнча калыстар тарабынан аныкталган төмөнкү студенттер жеңүүчү аталды:
- Тагаев Нурдөөлөт (мыкты көркөм окуучу)
- “Кыз-кыял” бийчилер тобу (мыкты бийчи топ)
- Жумагулова Айзада (мыкты ырчы жана аткаруучу)
- stand up 2 командасы (мыкты тамашоучу)
- Өмүрбекова Дилбара (музыкалык аспапта мыкты ойноочу)
Аталган иш чарага калыстык кылган окуу жайыбыздын жетекчилиги жана окутуучулар жамааты уюштуруучуларга жана конкурска катышкан студенттерге ыраазычылык билдирүү менен ар тараптуу таланттарга бай алдыңкы студенттерди ар дайым колдоого алаарын баса белгилешти жана баалуу сыйлыктарды тапшырышты.

“Зоока” Бейшенбая Усубалиева издан в Турции

Сборник произведений известного писателя, доктора филологических наук, профессора Международного Кувейтского университета, член-корреспондента Национальной академии наук  Кыргызстана Бейшенбая Усубалиева издан в Анкаре.

В сборник произведений писателя вошли лучшие  рассказы,созданные в  различные годы, как “Горбачек”, “Нас было двенадцать”, “Скала”,”Лиза, Лиза”,”Дым” и другие.

Благодаря турецким  издателям кыргызские читатели смогут прикоснуться к творчеству одного из лучших  писателей современности Кыргызстана, ближе познакомиться с его богатым внутренним миром и глубокими философскими мыслями.

Произведения мастера художественного слова, отличаются духовным богатством, эстетическим вкусом   и глубоким психологизмом.  Его произведения – стремление раскрыть очень сложный духовный мир человека,  они затрагивают такие животрепещущие и вечные темы, как борьба добра и зла, светлых и темных сил, сочувствие, гуманизм, человеколюбие и  любовь.

Произведения Бейшенбая Усубалиева  переведены на многие языки мира – на  китайский, русский, турецкий языки. Автор сборника является  академиком Международной академии Чингиза Айтматова, автор более 50 повестей, рассказов и публицистики, более 200 научных работ. Многие годы писатель работает в Международном Кувейском университете.

 

Пресс-служба МКУ