+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Кыргыз дипломатиясындагы ɵмүрү ɵрнɵк инсандары

2022-жыдын 18-октябрында Эл аралык Кувейт университетинин “Эл аралык мамилелер жана юриспруденция кафедрасынын алдындагы Дипломаттар клубунун Кыргыз дипломатиясындагы ɵмүрʏ ɵрнɵк инсандары” аттуу жыл сайын өткөрүлүп келген  рубрикасынын алкагында атайын иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу биринчи элчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыкты кызматкери, профессор Ишемкулов Тилектеш Ишемкулович  дипломатиядагы ɵрнɵктʏʏ ɵмүр жолу тууралуу маегин студенттер үчүн куруп берди.  Маекти дипломаттар клубунун жетекчиси, кафедранын доценти Турдумамбетов Акылбек Шайымкадырович алып барды.

 Ал эми студенттер келген мейманга сууроолорун узатышып, дипломатия тууралуу пайдалуу маалыматтарды, кеңештерин ала алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында келген мейманга Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Байсеркеев Аскарбек Эсенович жеке өзүнүн,  профессордук-окутуучулар жамаатынын жана студенттердин атынан рахматын айтып, атайын ыраазылык барагын тапшырды. 

Кыргызстандын мыкты студенти

Жаштар жумалыгынын алкагында "Кыргызстандын мыкты студенти" Республик сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлоо аземинде өлкөнүн баардык аймактарынан келген эң активдүү жана окууда ийгиликтерди көрсөткөн студенттерге ар кандай даражадагы Атайын ардак грамоталар жана төш белгилер тапшырылып, китептер белекке берилди. Алардын арасынан биздин университеттин студенти, "Журналистика жана коом менен байланыш " бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Байболот Айданек 1-даражадагы диплом менен сыйланды!

Тажрыйба алмашуу ийгиликке жетелейт

      «Араб филологиясы» кафедрасынын профессору  Елабдо Али Халаф  2022-жылдын 26-27-октябрында Кыргызстан Ислам университинин араб тилинен берген окутуучуларынын квалификациялык билимин жогорулатуу максатында  32 сааттык тренинг болду.  Бул тренинг доктор Елабду Али  жазган «Араб тили эне тили эместер үчүн араб тилин үйрѳтүү» китебинен сабак ѳтүүунун методикасы боюнча ѳттү.  КИУ администрациясынын кенешинен кийин жогорудагы китепти окутууга чечим кабыл алынды.

 

لموضوع: دورة تدريبية في طرق التدريس في جامعة قيرغيزستان الإسلامية
في خطاب مدير الجامعة الإسلامية الأخ الفاضل عبد الشكور نورماتوف بتاريخ2022-10-12 إلى مدير الجامعة الكويتية الدولية الدكتور اسكر بيسيركيف لتكليف الدكتور علي العبدو استاذ الأدب في الجامعة الكويتية الدولية بالقيام بدورة تدريبية في طرق التدريس لأساتذة قسم اللغةلعربية والأقسام الأخرى علي كيفية تدريس منهج سلسة تعليم العربية لغير الناطقين بها المكون(٤) أجزاء في يومي (2022-27-26) من شهر أكتوبر 2022م

 

Выпускникам университета вручены дипломы

В Международном Кувейтском университете состоялась церемония торжественного вручения дипломов выпускникам магистратуры, бакалавриата и колледжа.
Перед выпускниками и педагогами выступил ректор МКУ, доктор педагогических наук, профессор Байсеркеев Аскар Эсенович. Он подчеркнул, что это важный этап в жизни каждого выпускника университета. «Трудно представить жизнь нынешнего поколения без знания и обучения. Только глубокие знания открывают дорогу в большую жизнь и обеспечивают успех в будущем. Пусть ваши знания, полученные в стенах Международного Кувейтского университета, станут хорошим подспорьем для успешных достижений в вашей дальнейшей деятельности». Также, слава благодарности профессорско-преподавательскому составу университета выразили выпускники.

«Кыргыз адабий чыгармаларын көркөм окуу» аталышында Республикалык жогорку окуу жайлар аралык фестивалынын жеңүүчүсү

2022- жылдын 17- октябрында     Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгынын иш-чараларынын 26-пунктун жана «23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата бир айлык жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун аткаруу алкагында «Кыргыз адабий чыгармаларын көркөм окуу» аттуу ЖОЖдор аралык фестивалы болуп өттү.

Жалпысынан фестивалга Бишкек  жана Ош шаарынын  15 жогорку окуу жайларынан 20дан ашык студент катышып, күч сынашты. Фестиваль оффлайн жана онлайн режиминде өттү.

Көркөм окуу төмөндөгү критерийлер менен бааланды.

- кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүнүн сакталуусу;

- дикциянын тактыгы;

- аткаруучунун артисттик жөндөмдүүлүгү; 

Иш- чаранын жүрүшүндө фестивалга келген студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, калыстар  тарабынан фестивалдын  жыйынтыгы чыгарылып, алдыңкы орунду алган студенттер дипломдор  менен сыйланышты.

Эл аралык Кувейт университетинин А(б) – 1- 19 тайпасы, 4-курсунун студенти АБДУЛАШИМОВА КЫЗДАРГУЛ  3-даражадагы диплом менен сыйланды.