+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Кыргыз дипломатиясындагы ɵмʏрʏ ɵрнɵк инсандары

24-ноябрда Эл аралык мамилелер жана юриспруденция кафедрасынын алдындагы «Дипломаттар клубунун» салт катары ɵткɵрʏп келе жаткан «Кыргыз дипломатиясындагы ɵмʏрʏ ɵрнɵк инсандары» рубрикасынын кезектеги иш-чарасы болуп ɵттʏ.

«Дипломаттар клубунун» бул жолку ардактуу коногу катары Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Аламанов Саламат Кʏлɵмбекович келди.

Иш-чараны Эл аралык Кувейт университетинин ректорунун кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, тарых илимдеринин доктору, профессор Ормушев Асан Сулайманович ачып, келген коноктун Кыргыз Республикасынын дипломатиясына, илимине, айрыча чек ара маселелерин чечʏʏдɵ жасаган опол тоодой эмгектерин белгилеп, терең ыраазычылыгын билдирди.

Профессор Саламат Кʏлɵмбекович келечектеги жаш дипломаттарга жана жаш юристерге Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты, коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара маселелери тууралуу кызыктуу баяндама жасап, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.   

«Кыргыз дипломатиясындагы ɵмʏрʏ ɵрнɵк инсандары» рубрикасынын ардактуу коногунун Эл аралык Кувейт университетинин студенттери ʏчʏн убакыт таап, дипломаттарды тарбиялоодо ɵзʏнʏн тажрыйбасы менен бɵлʏшʏп, келечек жаш дипломаттарга шык берип, окууларына дем берип кеткенине Эл аралык Кувейт университетинин окуу жана илимий иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев Алмазбек Дʏйшɵкович жеке ɵзʏнʏн жана окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамаатынын, студенттеринин жана Эл аралык Кувейт университетинин  ректору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Байсеркеев Аскарбек Эсеновичтин атынан ыраазылык билдирди.

Дʏйнɵлʏк цивилизациялардын тарыхы

 

23-ноябрь кʏнʏ Эл аралык мамилелер жана юриспруденция кафедрасынын алдындагы «Дипломаттар клубу» «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча билим алып жатышкан  баардык курстары арасында «Дʏйнɵлʏк цивилизациялардын тарыхы» сабагы боюнча интеллектуалдык оюн ɵткɵрдʏ.

Оюн беш команданын катышуучуларынан туруп, курамы биринчи, экинчи, ʏчʏнчʏ курстардын студенттери менен куралды. Бул оюн дипломаттардын тарыхты терең билʏʏсʏн гана талап кылбастан, улуу менен кичʏʏнʏн ортосундагы ынтымагын, биримдигин, ар бир ойдун, пикирдин улуулугун даңазалай турган сезимдер менен коштолгону баардык катышуучуларды кубандырды.

Иш-чарага мейман катары чакырылган Эл аралык Кувейт университетинин Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары С.Ш. Аянкулов мындай оюндардын байма-бай ɵткɵрʏлʏп турушун каалап, клубдун жалпы мʏчɵрʏнɵ, катышкан оюнчуларга ыраазычылыгын билдирип, жеңʏʏчʏлɵрдʏ дипломдор менен сыйлады.  

Аталган оюнда биринчи жана экинчи орунду багындырган  командалар март айында боло турган ЖОЖдор аралык ɵткɵрʏлɵ турган интеллектуалдык оюнга жолдомо алышты.

Эл аралык Кувейт университетинде 17-ноябрь Студенттер күнүнө карата майрамдык иш чара болуп өттү

Окуу жайдын окутуучулар жамаатынын жана жалпы студенттеринин катышуусунда уюштурулган иш чарада  ректор А. Э. Байсеркеев окуудагы, коомдук - маданий жана спорттук иштердеги алдыңкы студенттерге грамоталарды тапшырды. Майрамдык иш чара атайын даярдалган концерттик программа менен коштолуп, студенттерге уюштуруу тобу тарабынан ар кандай оюн-зооктор өткөрүлүп кызыктуу белектер тапшырылды.

 

Проведении соревнования по футболу на Кубок «Золотой мяч» Международного Кувейтского университета

11 ноября 2022 г. на стадионе Олимпийского спортивного колледжа состоялись соревнования по футболу на Кубок «Золотой мяч» МКУ. Соревнования проводились с целью популяризации игры в футбол среди юношей, привлечение учащихся к систематическим занятиям физической культурой и спортом.

В соревнованиях приняли участие 6 команд:

  1. МКУ 1 курс
  2. МКУ 2 курс
  3. Колледж 1
  4. Колледж 2
  5. Лебединовская школа 1
  6. Лебединовская школа 2

Группа А                                                            Группа Б

  1. Лебединовская школа 1 Колледж 1
  2. Колледж 2 Лебединовская школа
  3. МКУ 1 курс МКУ 2 курс

 

Игры проводились по круговой системе, с продолжительностью 20 мин, 2 тайма.

По итогам игр в полуфинал вышла команда МКУ 1 курс – Колледж 1 (счет 3:4), в финале вышла команда МКУ 2 курс - Лебединовская школа 1(счет 1:0).

1 место – МКУ 2 курс

2 место - Лебединовская школа 1

3 место - Колледж 1

По итогам соревнований были вручены кубки, медали и дипломы соответствующих степеней. Соревнования были организованы и проведены на основании плана по воспитательной работе МКУ.

Организаторы соревнований: главный судья Майрамбек у У., преподаватели ФКиС Кабылбекова А., Сыдыкбеков У.Н., Калдыбек к А.

Илим күнүнө карата көргөзмө уюштурулду

2022-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин демилгеси менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Илим күнүнө карата көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө Эл аралык Кувейт университетинин профессор-окутуучуларынын илимий эмгектери дагы алынып чыкты. Көргөзмө менен катар «Билим берүүдөгү илимий-инновациялык тенденциялар» аттуу конференция болуп, конференцияда Кыргызстандагы илимдин абалы жана өнүгүшү талкууланды.