+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Кесиптик билим берүүнүн бүгүнү жана эртеңи

Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 8-февралында саат 10:00дө “Катар” конференция залында “Кесиптик билим берүүнүн бүгүнү жана эртеңи”  аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

         Иш-чарага Эл аралык Кувейт университетинин ректору, п.и.д., проф. А.Э.Байсеркеев, окуу жана илимий иштер боюнча проректор п.и.к., доцент А.Д. Ибраев, гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин деканы ю.и.к., профессор А.К. Исмаилов, окуу-методикалык бөлүмүнүн башчысы П.Ш. Макешова, С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжинин директору Н.С. Омуров, Бишкек инновациялык колледжинин директору К.Э.Эркинбеков, Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжинин өкүлү Н.Ж.Алиева Давха-Сокулук орто жалпы билим берүү мектебинин директору Мухаммед Хажжаж, А.Молдокулов атындагы № 5 инновациялык-технологиялар мектеп-лицейинин директору М.Ү. Касымалиев, № 91 мектеп-гимназиясынын окуу иштери боюнча адиси М.Д. Өмүралиева, Наима окуу борборунун  жетекчиси А.А. Маткасимовна, Сальсабиль мектебинин директору Г.Ж.Мухаметова, “Коом пресс” жергиликтүү маалымат сайтынын редактору Талас кызы Жайнагүл, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана жогорку курстун студенттери катышып, модератор кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г.А.Жамалбекова жана тарбия иштери боюнча координатор К.Т. Кенжебаев болушту.

Тегерек столдун негизги максаты учурдагы кесиптик орто билим берүүнүн абалы, келечеги тууралуу иш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр тарабынан айтылган сунуш пикирлерди жана  талаптарды  эске алуу менен эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп берген, атаандаштыкка туруктуу компетенттүү кесипкөй адисти даярдап чыгаруу болуп эсептелинет.

 

Куттуктайбыз!!!

Эл аралык Кувейт университетинин “Педагогика, колдонмо информатика жана табигый дисциплиналар” кафедрасынын ага окутуучусу Машанова Айнур Сапарбаевнаны педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн жазган “Экономика адистигиндеги студенттердин билим сапатын жогорулатууда окутуунун жаңы технологияларын колдонуунун педагогикалык шарттары” деген темадагы кандидаттык диссертациясынын ЖАК тарабынан бекитилип, педагогика илимдеринин кандидаты дипломун алышы менен куттуктайбыз.

Айнур Сапарбаевна, сизге бекем ден соолук, узун өмүр, үй бүлөлүк бакыт, илимий жолунда чоң-чоң ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешпиз. Педагогдук илимий мээнетиңиздин үзүрүн узагы менен көрүү насип кылсын.

 

 «Педагогика, Колдонмо Информатика жана Табигый  Дисциплиналар» кафедрасынын жамааты.

«Бүтүрүүчү – 2023: көйгөйлөр жана жумуш келечеги» аттуу темада тегерек стол болуп ѳттү.

         2023-жылдын 02-февралында «Экономика жана менеджмент» кафедрасы тарабынан уюштурулган тегерек столго Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, ассоциацияларынын, финансы-каржылык мекемелеринин жана коммерциялык уюмдарынын өкүлдөрү ошондой эле бүтүрүүчүлѳр катышты.

Тегерек столдо билим берүүнүн негизги программасы талкууланып, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр өз ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тарабынан анкета толтурулду.

Анда окуу пландарынын ичиндеги кээ бир сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунушташты. Андан сырткары студенттердин теориялык алган билимдерин, практика учурунда канчалык деңгээлде пайдалана алаары талкууланды. Студенттер өздөрүнүн суроолорун беришип, иш берүүчүлөрдөн жоопторду ала алышты. Ошондой эле иш берүүчүлөр жана окутуучулар ортосундагы байланышты жана студенттерди окутуудагы компетенттүүлүктү талкуулашып, Кыргызстандын келечеги үчүн мыкты адистерди даярдап, иш берүүчүлөр менен мындан ары дагы тыгыз байланышта болуп иштеше тургандыктарын айтышты.

 

Визит в Международный Кувейтский университет Чрезвычайного и Полномочного посла государства Кувейт

31 января состоялся визит в Международный Кувейтский университет Чрезвычайного и Полномочного посла государства Кувейт в Кыргызской Республике и Республике Казахстан доктора Омара Ахмед Аль-Кендари по инициативе президента Общественного фонда “Смарт Дженерейшн” г-на Мухаммед Абед Ель Жажи. Гость ознакомился с деятельностью университета, материально-технической базой и строительством нового корпуса. Также он встретился с профессорско-преподавательским составом и входе выступления поблагодарил за теплый прием и пожелал университету дальнейшего развития. От имени присутствующих ректор Аскар Эсенович выразил глубокую благодарность основателям и спонсорам университета Международному фонду “Рахма” в Кувейте и Общественному фонду “Смарт Дженерейшн”.

Подписание Меморандума о сотрудничестве с Международным Кувейтским университетом

31 января 2023 года был подписан Меморандум о сотрудничестве между ректором Международного Кувейтского университета Байсеркеевым Аскарбеком Эсеновичем и директором Центра по развитию халяль-индустрии при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики Кайырбековым Алмаз Дамирбековичем.

В ходе церемонии, организованной кафедрой «Экономика и менеджмент», представители двух сторон имели возможность обсудить области сотрудничества и определить шаги для дальнейшей реализации.

Особое внимание было уделено сотрудничеству в рамках программ бакалавриата и магистратуры, включая программную деятельность и проведение мероприятий обеих сторон, поддержку в дальнейшем развитии программ: совместного использования балансовой инфраструктуры;  проведение международных, национальных, региональных мероприятий, семинаров, конференций, форумов, симпозиумов или встреч; стажировки студентов в государственных предприятиях, учреждениях и в других организациях осуществляющих свою деятельность в сфере халал-индустрии, а также содействие в трудоустройстве; составление учебно-методических материалов в сфере халал-индустрии.