+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Чүй облусунун муктаж үй-бүлөлөрүнө тигүүчү машиналарды, саан уйларды жана койлорду таратты

26-февраль – Кувейт Мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнө арналган социалдык долбоордун алкагында 2023-жылдын 24-февралында Кувейт мамлекетинин Эл аралык  «Аль Рахма» коомдук фондунун Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү жана Президенти, доктор Али Альрашид, «Смарт Дженерейшн» коомдук фонддун Президенти Мухаммед Абед Ель-Жажи жана Эл аралык Кувейт университеттин ректору Байсеркеев Аскарбек Эсенович Чүй облусунун муктаж үй-бүлөлөрүнө тигүүчү машиналарды, саан уйларды жана койлорду таратты. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Алымбаев Нурил Джайылбекович уюштурду жана доктор Али Альрашидге ыраазычылык катын тапшырып, мындан ары да кызматташуу боюнча сунуштарын билдирди.

«Аль Рахма» коомдук фондунун Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү университеттин ишмердүүлүгү менен кеңири таанышты

2023-жылдын 23-февралында Кувейт мамлекетинин Эл аралык  «Аль Рахма» коомдук фондунун Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү жана Президенти, доктор Али Альрашид менен “Смарт Дженерейшн” коомдук фонддун Президенти Мухаммед Абед Ель-Жажи Эл аралык Кувейт университетинин ишмердүүлүгү менен кеңири таанышты. Ошондой эле университеттин ректору, педагогикалык илимдеринин доктору Байсеркеев Аскарбек Эсенович менен окуу жайдын бүгүнкү абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү маселелерин талкуулашты.

Бектурсун уулу Өмүр доклад окуу боюнча 3-даражадагы диплом менен сыйланды

21.02.2023
Кыргызстан Эл аралык университетинде Эл аралык эне тил күнүнө арналган "Көп тилдүүлүк,көп маданияттуулук - өнүгүүнүн жана достуктун символу" аттуу илимий- практикалык конференция болуп өттү. Анда Эл аралык Кувейт
университетинин ЛингвистикаП(б)2-22 тайпасынын студенти Бектурсун уулу Өмүр доклад окуу боюнча 3-даражадагы диплом менен сыйланды.
Илимий жетекчиси: Максутова Айзада

21-кылымдын бүтүрүүчүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги жана жумуш берүүчүлөрдүн талаптары

2023-жылдын 15-февралында “Лингвистика” кафедрасы тарабынан тегерек стол уюштурулду.  Бул тегерек столго Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан, министрликтеринен,  мектептерден, университеттерден келген өкүлдөр жана АКШнын Кыргызстандагы ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча USAID долбоорунун ишкерлери,  УТРКНЫН “Замана” студиясынын баяндамачысы конок катары катышышты. 

Ошондой эле быйылкы 2023-жылкы бүтүрүүчүлөр, 1-2-3-курстун кээ бир студенттери да активдүү катышышты.

“21-кылымдын бүтүрүүчүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги жана жумуш берүүчүлөрдүн талаптары” аттуу теманын алкагында талкуулар болду.

Тегерек столдо билим берүүнүн негизги программасы талкууланып, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр өз ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Ошондой эле ата-энелер да чакырылган эле, алар да өз кезегинде балдарына университет берип жаткан билим канааттандыраарлык экендигин баса белгилешти. Отурумдун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр түйшөлткөн суроолорун беришип, коноктордон жооп ала алышты.

Анда окуу пландарынын ичиндеги кээ бир сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү сунушталды. Андан сырткары студенттердин теориялык алган билимдерин, практика учурунда канчалык деңгээлде пайдалана алаары да талкууланды. Ошондой эле иш берүүчүлөр жана окутуучулар ортосундагы байланышты жана студенттерди окутуудагы компетенттүүлүктү талкуулашып, Кыргызстандын келечеги үчүн мыкты адистерди даярдап, иш берүүчүлөр менен мындан ары дагы тыгыз байланышта болуп иштеше тургандыктарын айтышты.

            Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тарабынан анкета толтурулду. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, кээ бир жетекчилер менен келечекте биргеликте иш алып баруу үчүн келишимдерге да кол коюлду. УТРКНЫН “Замана” студиясынын баяндамачысы тарабынан жыйындын жүрүшү тартылып алынып, 16-февралда УТРКнын Замана таӊкы берүүсүнүн жаӊылыктар бөлүмүнөн саат 7:55те көрсөтүлдү.

 

Дүйнөлүк ааламдашуу процессинде билим берүү менен илимдин ролу

«Дүйнөлүк   ааламдашуу  процессинде  билим  берүү   менен  илимдин ролу»  аттуу  13.02.2023-ж  өтүлгөн  «Педагогика, колдонмо  информатика  жана  табигый  дисциплина» кафедрасы  тарабынан уюштурулган  тегерек  столго Жогорку  Кеңештин  депутаты, Мамлекеттик  Коопсуздук  Комитетинин   өкүлү,  жогорку окуу  жайлардын  профессор-окуутучулары,   орто мектептик директорлдору, мугалимдери  жана студенттер, студенттердин  ата-энелери  катышышты.Тегерек  столдо  катышкандар ога окутуучу,   п.и.к. Айнура  Сапарбаевна  Машанова  алып барды .

Теманын негизги максаты: Ааламдашуу  процессинин  билим  менен илимдин  ролунун  негизги  максаты  өсүп келе  жаткан  жаш муундардын дүйнөлүк  аренага  чыкканда  атаандаштыкка  туруштук  берүүдө  багыт көрсөтүү.

Тегерек  столдун  жүрүшүндө  келечек  муундун  педагогдорду маалыматтык сабаттулугун калыптандыруу  технологиялары жөнүндө маалымат алышты.Ошондой эле тегерек столдун алкагында иш берүүчүлөр менен  ата-энелердин,суроо-жооптор болду. 

Тегерек  столдун  алкагында иш берүүчүлөр менен ата-энелердин ортосунда өтө актуалдуу  суроо  жооптор  болду.

Тегерек столдун  жыйынтыгында  илимпоздор  илимий  көз караштарын жана стратегиялык  жактан  өз ойлоруун билдиришти.

Келечек  муундун  педагогдорунун  өбөлгөлөру, сунуштары  боюнча ой  пикирлер  айтылды,  келечек  муундун  педагогдору  маалыматтык сабаттуулугун  калыптандыруу  технологиялары  жөнүндө  маалымат алышты.