+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Эне – өмүрдүн башаты

13-мартта Эл аралык Кувейт университетинде студенттер тарабынан уюштурулган “Эне – өмүрдүн башаты” деген аталышта маданий иш-чара болуп өттү. Окуу жайыбыздын таланттуу студенттери өздөрүнүн ар кырдуу таланттарын көрсөтүп, мугалимдерге жана жалпы көрүүчүлөргө көңүлдүү маанай тартуулашты. Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин деканы Исмаилов Аскарбек Кожомбекович  бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, студенттерге жана мугалимдерге ийгилик каалады. Иш-чарада көрүүчүлөргө тарбиялык программалар тартууланып, активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

 

Китеп окуу маданияты жөнүндө лекция

2023-жылдын 13-мартында Эл аралык Кувейт университетинин студенттери үчүн китеп окуу маданияты жөнүндө пайдалуу лекция окулду. Лекцияны Нарын облусунун мурдагы казысы, мотиватор Мамбетасан Ибраев окуду. Аталган иш-чарага окутуучулар жана кызыкдар студенттер катышып, китеп окуу маданиятын калыптандырууда, инсандык өнүгүү жаатында өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды ала алышты. Окуу жайыбыздын сыйлуу коногу болгонуна жана бардык керектүү кеңештери үчүн Мамбетасан Ибраевге терең ыраазычылык билдиребиз.

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин

Бүгүн 9-мартта Эл аралык Кувейт университетинин профессор-окутуучулар жамааты көрүнүктүү коомдук ишмер, доктор, профессор Абдуллатиф Рамадан Аль-Хажерини Куран окуп эскеришти.

 Абдуллатиф Рамадан Аль-Хажери 1998-жылы Кыргыз-Кувейт университетин (азыркы Эл аралык Кувейт университетин) түптөгөн. Мындан тышкары бир канча жалпы билим берүүчү мектептерди жана жетим балдар үйлөрүн негиздеп, ошондой эле алардын сүйүктүү жана мээримдүү атасы болгон. Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам кылууга ар дайым даяр эле. Ал Кувейт өлкөсүнүн жараны болгодугуна карабастан, кайрымдуулук ишмердүүлүгү Кыргызстандын калкынын жардамга муктаж бөлүгүнүн турмушун оңдоого багытталган. Берешендиги, ак көңүлдүгү менен бир жолуккан адамдын жүрөгүнөн орун алган устазыбыздын кылган иштери жана бийик адамдык сапаты ар бир таанып билген адамга үлгү болмокчу. Абдуллатиф Рамадан Аль-Хажеринин өрнөктүү өмүрү, өлкөбүздүн билим берүүсүнө жана соцалдык турмушуна кошкон зор салымы ар дайым эсибизде сакталат.

25-февраль – Кувейт мамлекетинин Улуттук күнүнө арналган жумалыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү

2023-жылдын 1-мартында Эл аралык Кувейт университетинде 25-26-февраль – Кувейт мамлекетинин Улуттук күнүнө арналган жумалыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага “Смарт Дженерейшн” коомдук фондунун президенти Мухаммед Абед Ель-Жажи, Сауд Араб королдугунун Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Ахмед Аль-Сулейти, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алымбаев Нурил Джайылбекович, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында, Тышкы иштер министрлигинде жана башка элчиликтерде иштеген Эл аралык Кувейт университетинин бүтүрүүчүлөрү катышты.

Иш чаранын ачылышында Эл аралык Кувейт университетинин ректору Байсеркеев Аскарбек Эсенович келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, окуу жайыбыз менен болгон кызматташтыктын мындан ары да өнүгүүсүнө кызыктар экенин билдирди.

“Смарт Дженерейшн” коомдук фондунун президенти Мухаммед Абед Ель-Жажи өз сөзүндө Кувейт мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы социалдык-экономикалык мамилелердин акыркы жылдардагы өнүгүшүнө токтолуп, мындан ары да кызматташтыктын чыңдалышына тилектештигин билдирди жана “Смарт Дженерейшн” коомдук фонду менен жигердүү кызматташкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алымбаев Нурил Джайылбековичке аталган фонддун атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алымбаев Нурил Джайылбекович Кувейт мамлекетинин Улуттук күнү менен куттуктап, “Смарт Дженерейшн” коомдук фондунун Чүй облусунун аймагында жасап жаткан айрым демилгелүү иштерине токтолуп, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, Эл аралык Кувейт университетинин жалпы жамаатына жана студенттерине албан ийгиликтерди каалоо менен бирге окуу жайыбыздын Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына кошуп жаткан зор ийгиликтерине токтолду.

Аталган иш-чара Эл аралык Кувейт университетинин таланттуу студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

 

Чүй облусунун муктаж үй-бүлөлөрүнө тигүүчү машиналарды, саан уйларды жана койлорду таратты

26-февраль – Кувейт Мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнө арналган социалдык долбоордун алкагында 2023-жылдын 24-февралында Кувейт мамлекетинин Эл аралык  «Аль Рахма» коомдук фондунун Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү жана Президенти, доктор Али Альрашид, «Смарт Дженерейшн» коомдук фонддун Президенти Мухаммед Абед Ель-Жажи жана Эл аралык Кувейт университеттин ректору Байсеркеев Аскарбек Эсенович Чүй облусунун муктаж үй-бүлөлөрүнө тигүүчү машиналарды, саан уйларды жана койлорду таратты. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Алымбаев Нурил Джайылбекович уюштурду жана доктор Али Альрашидге ыраазычылык катын тапшырып, мындан ары да кызматташуу боюнча сунуштарын билдирди.