+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

"Бир студент - бир көчөт"

Эл аралык Кувейт университетинин "Араб филология" кафедрасынын окутуучусу Качкынбаев Турдакун агайдын демилгеси менен университеттин студенттери №1 Интернат-гимназияга барып 65 көчөт отургузушту.

 

ЖАШЫЛ МУРАС

Эл аралык Кувейт университетинин 1-2-курстарынын студенттери Свердлов районунун Көлбаев көчөсүндө жайгашкан Кулагы укпаган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын бакчасына 43 алма, алча жана кара орук дарактарын отургузушту. Иш-чараны педагогика, менеджмент, эл аралык мамилелер, лингвистика факультеттеринин Пед(б)-1-21, Пед(б)-1-22, М(б) 1-22, МО(б)-1-22, Линг(б)-2-22 тайпаларынын студенттери менен биргеликте "Араб филология" кафедрасынын ага окутуучулары катышышты. Салымын кошкон ар бир инсанга чоң ыраазычылык билдиребиз

Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттери Жогорку Кеңеште

2023-жылдын 13-апрелинде Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн кураторлору Асилбек кызы Каным, Алмасбекова Орозкул Алмасбековна жана ЭКУнун КОБББнын бүтүрүүчүсү Илиязов Мырзакмат менен биргеликте уюштурулган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында экскурссия уюштурулду.

            Экскурссияга ИЯ(к)-1-22, ИЯ(к)-2-22, ПИ(к)-1-22, ЭБ(к)-1-21 тайпасынын студенттери катышты.

            Студенттерди Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын “Алянс” партиясынын депутаты Жамгырчиев Эмил Эрикович кабыл алып, алар менен кенен баарлашып, кызыккан суроолоруна жооп берип, өзүнүн баскан жолу, тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу, билим алууга, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, чет тилин үйрөнүү, чет өлкөдө окуу тууралуу кеп кеңештерди айтып, эркин баарлашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев жаштарга ар бир кесип ардактуу экенин айтып, студенттерди азыркы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып терең билим алууга, экологияга аяр мамиле жасоого үндөп, 14-апрелде боло турган “Ботаникалык бакчаны” жашылдандырууга (көчөт отургузууга)  чакырды.

Бир студенттен бир көчөт

КРнын Президентинин “Жашыл мурас” программасынын алкагында 14-апрель күнү Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун ИЯ(к)ар-1-2-22,  жана ПЮ(к)-1-2-22 тайпаларынын студенттери, кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г.А. Жамалбекова, тайпалардын кураторлору: Б.Н. Абдраимова, Б.М. Токтобаковалар рамазан айынын урматына Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан “Диляра” атындагы карылар үйүнө барып, чарба иштерине жардам берип, арча, сирень бактарын жана ар кандай көп жылдык гүлдөрдү олтургузуп келишти. Иш-чарага активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдиребиз.

Жан дүйнө жаңырыгы

Ата Түрк маданий борбору менен Ата Түрк Илим жана тарых боюнча кеңешинин ардактуу академиги, автордук укукту коргоо боюнча Швейцариялык Кеңештин мүчөсү, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акын», Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси Эсенгул Ибраевге арналган кече Бишкек шаардык Борборлоштурулган китепкана тармагы менен биргеликте Касым Тыныстанов атындагы № 5 китепканада 2023-жылдын 13-апрелинде “Жан дүйнө жаңырыгы” аттуу поэтикалык тыным уюштурулду.

Кечеге Эл аралык Кувейт университетинин жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн чыгармачыл студенттери катышып, Э. Ибраевдин ырларын көркөм аткарып, акынга арнап жазган ырларын окуп беришти.  

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаардык Борборлоштурулган китепкана тармагы К.Тыныстанов атындагы китепкана тармагы менен чыгармачыл байланышты түзүп, жаштар арасында улуттук наркты жайылтууга кошкон салымы, эстетикалык тарбия берүүнү уюштуруудагы жигердүү чыгармачылыгы үчүн Эл аралык Кувейт университетинин доценти, кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жамалбекова Гулнур Асанбековнага, маданий иш-чарага жигердүү катышкандыктары үчүн Эл аралык Кувейт университетинин доценти, п.и.к., Мурзаев Низамидин Токтобековичке, кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн мугалимдери: Абдуламитова Динара Койчумановнага, Абдраимова Бурул Надырбековга ыраазычылык каттар тапшырылды.