«УҢГУЖОЛ – БИРИМДИКТИН БАШАТЫ ЖАНА УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ»
АТТУУ ЖАШ ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨР, АСПИРАНТТАР, МАГИСТРАНТТАР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
2025-жылдын 23-апрелинде Эл аралык Кувейт университетинде «Уңгужол – биримдиктин башаты жана улуттун келечеги» аттуу жаш изилдөөчүлөр, аспиранттар, магистранттар жана студенттер үчүн жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 ПЖ Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында жана Эл аралык Кувейт университетинин 25 жылдык мааракесине арналган.
Конференциянын негизги максаттары төмөнкүлөр болду:
• Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу;
• Коомдун туруктуу өнүгүшүндөгү улуттук биримдиктин маанисин изилдөө;
• Улуттар аралык ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзүүчү факторлорду талдоо;
• Көп маданияттуу чөйрөдө өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну өнүктүрүү жолдорун кароо;
• Коомдогу туруктуулукту жана биримдикти чыңдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
• Биримдиктин улуттун гүлдөп-өсүшүнө жана туруктуу өнүгүшүнө тийгизген таасирин баалоо.
Иш-чараны Эл аралык Кувейт университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Байсеркеев Аскарбек Эсенович ачып берип, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Конференциянын модераторлук милдетин университеттин Тарбия иштери, эл аралык байланыштар жана мамлекеттик тил боюнча проректору, Казакстан Республикасынын Аймактык менеджмент академиясынын корреспондент-мүчөсү, доцент Турдумамбетов Акылбек Шайымкадырович аткарды.
![]() |
![]() |
![]() |
Пленардык жыйын учурунда өлкөнүн илимий чөйрөсүндө таанымал жана тажрыйбалуу окумуштуулар «Уңгужол» концепциясынын мазмунун терең жана ар тараптуу ачып берген таасирдүү баяндамалар менен чыгышты. Алар өз тармактарындагы илимий көз караштарын ортого салып, улуттук биримдик, тарыхый баалуулуктар жана илим-билимдин коомдук өнүгүүдөгү орду жөнүндө маанилүү ойлорду билдиришти. Пленардык жыйында баяндамалар менен Кайыпов Сулайман Турдуевич – адабиятчы-фольклорист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кубатова Аида Эсенгуловна – тарых илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкер, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, Карасартова Чынара Жумашевна – тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти, Ибраев Алмазбек Дүйшөкович – Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Эл аралык Кувейт университетинин окуу иштери жана илим боюнча проректору, Чекиров Кубанычбек Макешович – физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кармышакова Зыйнат Сатындиевна – филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы сыяктуу тажрыйбалуу жана белгилүү илимпоздор чыгып сүйлөштү. Алар өз баяндамаларында “Уңгужол” концепциясын ар тараптуу талдап, улуттук биримдиктин, тарыхый мурастын жана илим-билимдин коомдук өнүгүүдөгү ордун терең жана мазмундуу ачып беришти.
Секциялык иштер башталганга чейин меймандар үчүн салттуу чай-боорсок уюштурулуп, андан соң төмөнкү секциялар боюнча иш алып барылды:
1. «Татыктуу тарбия, сапаттуу билим жана илим – өлкөнүн жаркын келечегинин негизи»;
2. «Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана кыргыз элинин баалуулуктарын көп маданияттуу чөйрөдө жайылтуу».
![]() |
![]() |
![]() |
Секциялык иштерди Эл аралык Кувейт университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, философия илимдеринин кандидаты Ширин Карыбековна Аалиева жана Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төш белгисинин ээси, доцент Гүлнур Асанбековна Жамалбековалар алып барышты.
Конференцияга Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынан – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан, И.Арабаев атындагы КМУдан, И.Раззаков атындагы КМТУдан жана анын Тоо-кен технологиялык колледжинен, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинен жана Шопоков шаарындагы Тилдер жана маданият институтунан келген студенттер, магистранттар жана аспиранттар терең мазмундуу баяндамалары менен активдүү катышышты.
Иш-чаранын соңунда мыкты баяндамалардын авторлору I, II жана III даражадагы дипломдор менен сыйланышып, катышуучуларга, алардын илимий жетекчилерине жана уюштуруучуларга тастыктамалар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
![]() |
![]() |
![]() |
Конференциянын жыйынтыгында илимий сунуштар менен идеяларды камтыган атайын резолюция кабыл алынды. Аталган резолюцияда «Уңгужол» концепциясын андан ары өнүктүрүү, илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана жаш муундун улуттук биримдикке болгон таасирин тереңдетүү багытында сунуштар белгиленди. Бул документ катышуучу жогорку окуу жайларга жана тиешелүү мекемелерге расмий түрдө жиберилмекчи.