Эл аралык Кувейт университетинин Араб филологиясы кафедрасы тарабынан "Бүткүл дүйнөлүк араб тили күнү" жана "Кувейт мамлекетинин улуттук күнүнө" карата 17-февралда АКЫЛ ТАЙМАШ интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Бул ири билим сынагына 4 катышуучудан турган жалпы 24 команда катышып, оюн кызыктуу жана атаандаштыкка жык толгон маанайда өттү.
Катышуучулар:
- Кыргызстан Ислам университетинин студенттери
 - Бишкек Мамлекеттик университетинин студенттери
 - Эл аралык Кувейт университетинин студенттери
 
Интеллектуалдык таймаштын калыстыгын төмөнкү тажрыйбалуу адистер жүргүздү:
- Махмуд Рамадан – Кыргызстан Ислам университетинин Шарият кафедрасынын доктору, калыстар тобунун башчысы.
 - Салих Лутфилла уулу – Кыргызстан Ислам университетинин Шарият кафедрасынын башчысы, калыстар тобунун мүчөсү.
 - Куштарбек Турдубаев – Бишкек Мамлекеттик университетинин окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.
 - Ибрагим Мырзамамытов – Эл аралык Кувейт университетинин ага окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.
 - Олжобай Ташполотов – Эл аралык Кувейт университетинин ага окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.
 
Оюндун жогорку деңгээлде өтүшүнө жана адилеттүү баалоого салым кошкон калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз.
 ![]()  | 
 ![]()  | 
 ![]()  | 
 ![]()  | 
Акыл таймаштын категориялары:
- Жалпы араб тили
 - Араб өлкөлөрүнүн географиясы
 - Кыргызстан тарыхы
 - Рамазан
 - Ислам тарыхы
 - Ар түрдүү суроолор.
 
Ар бир категория боюнча 8 суроо берилди. Топтолгон упайлардын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:
1-орун – Араб филологиясы кафедрасынын 3-курсунун студенттери (43 упай)
2-орун – Ушул эле кафедранын эки командасы (39 упай)
Калган командалар да жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, мыкты билимдерин далилдей алышты.
Бул интеллектуалдык таймаш университетибиздин салттуу иш-чарасына айланып, жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучулар ар тараптуу, кызыктуу суроолорго жооп берип, пайдалуу тажрыйба топтошту.
Уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз! Илим-билим жолунда мындан аркы иштерине жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз!
										
										
										
										
				



